Жалал-Абаддын Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы маданият үйүнүн имаратынын бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап калкты тейлөө борбору катары пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.
Калкты тейлөө борборун уюштурууга жергиликтүү бюджеттен 2,5 миллион сом акча каражаты жумшалган.
Борбор Чаткал районунун 31 миңден ашуун калкына ыкчам электрондук кызмат көрсөтөт.