Эртең, 24-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.
Белгиленгендей, түнкүсүн бир гана Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт.
Тоолуу жолдордо кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16;
Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9;
Бишкекте 24-ноябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +14…+16 градус болот.