Нарында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды (фото)

Бүгүн, 23-ноябрда Нарын шаарында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, шаардагы №9 А.Садыков атындагы орто мектебинин тардыгы, типтүү мектеп болбогону чоң көйгөй жаратып келген.

Мектептин имараты үчүн республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен 141,5 миллион сом каралган.

Белгиленгендей, курулуш иштерин "Илек строй" ЖЧКсы жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан