Президент иш сапары менен Ереван шаарына барды (фото)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда Арменияга иш сапары менен барды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Өлкө башчысынын учагы "Звартноц" эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, мамлекет башчысы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан