Учурда Баткен облусунун аймагында “Экстремист” аталыштагы алдын алуу иш-чаралары өтүп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалымдалгандай, анын жүрүшүндө тиешелүү кызматкерлер Баткен облусунун аймагындагы медреселерге, жогорку окуу жайларга, мектептерге барышып, экстремизм менен терроризмге каршы аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалыматтарды беришти.
Мындан максат жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңындагы диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан коюлган жоопкерчиликтерди жеткирүү болуп саналат.
Мындай жыйындар Баткен облусунун бардык райондорундагы, шаарларындагы ар бир медреседе, окуу жайларда жогорку деңгээлде өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө студенттер, мектеп окуучулары кызыккан суроолорун берип, жоопторун алышты.