Бишкекте курулуп жаткан жолдорго текшерүү жүргүзүлдү

Биринчи май районунун аймагында курулуп жаткан жолдорго текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кулиев көчөсүнөн баштап Заводской көчөсүнө чейин узундугу 525 метрди түзгөн Жумабек көчөсүндө "Бишкекасфальтсервис" ишканасы тарабынан капиталдык оңдоо өткөрүлүүдө. Ыңгайлуу шартта аталган жол ушул жылдын аягына чейин оңдолот.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, жооптуу кызматтарга бузула турган объектилерди демонтаждоо, катуу тиричилик калдыктарды чогултуучу жерди жылдыруу, ошондой эле аталган көчөнүн жашоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан