Алмаз Ибраев билим берүү министринин кеңешчиси болуп дайындалды

Ибраев Алмаз Орозакунович билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алмаз Ибраев кеңешчи болуп дайындалганга чейин “Силк Лейк Инвестмент” ЖЧКсынын аткаруучу директору жана Эл аралык билим берүү жана изилдөө борборунун директору болуп иштеген.

Алмаз Ибраев президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин мүчөсү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан