Президенттин Арменияга болгон иш сапары аяктады (фото)

Президент Садыр Жапаровдун Армения Республикасына 23-ноябрда болгон бир күндүк иш сапары аяктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Ереван шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ ЖКК) кезектеги сессиясына катышты.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров глобалдык коопсуздук тутумундагы татаал жана жалпы өзгөрүүлөрдүн мезгилинде, саясий, экономикалык, маалыматтык, аскердик ыкмалар жана каражаттардын кеңири спектри колдонулуп жаткан учурда, өзгөрүп жаткан кырдаалга өз убагында жооп берүү үчүн кызматташтыкты ырааттуу активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

ЖККУнун ЖКК сессиясынын жыйынтыгында Уюмга мүчө мамлекеттердин - Кыргызсан, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан башчылары бир катар документтерге кол коюшту.

Белгилей кетсек, ЖККУга төрагалык Армениядан Беларусь республикасына өттү.

Өз кезегинде Казакстандын өкүлү Имангали Тасмагамбетов 2023-жылдын 1-январынан тарта ЖККУнун башкы катчысы болот.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 24-ноябрга караган түнү Бишкек шаарына кайтып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан