Бишкекте биринчи муниципалдык көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат

Бишкекте биринчи муниципалдык көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Малымдалгандай, унаа токтотуучу жай Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашат.

"Бул жерге футбол талаасын, воркаут аянтчасын, сквер жана балдар аянтын да куруу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, учурда унаа токтотуучу жайдын ордунда гараждык кооператив жайгашкан.

Октябрь айында шаар бийлиги тиешелүү органдарга аймакты колдонуу укугун каттоону токтотуп, ал жердеги объекттерди демонтаждоону тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан