Кыргызстан боюнча "Коркпо! Токтот! Жаша!" девизи астында гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания старт алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматында айтылат.
Акциянын негизги максаты – коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерин жогорулатуу болуп саналат.
Ошол эле учурда аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу жагы каралган.
Маалыматта министрлер кабинети гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларды көрүү боюнча аракеттерди көрүп жатканы айтылат.
Ушул жылдын 16-сентябрында 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегия жана 2022-2024-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттер планы бекитилген.
Белгилей кетсек, 25-ноябрда - аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү, 10-декабрда адам укуктарынын эл аралык күнү белгиленет.