Кыргызстанда 23-ноябрга карата 120 миңден ашык өспүрүм кыз папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында айтылат.
Эскерте кетсек, ушул жылдын ноябрь айынан баштап профилактикалык эмдөө календарына ылайык, 11 жаштагы кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталган.
Белгиленгендей, эмдөө мектептердеги медициналык борбордо акысыз жүргүзүлөт.
2022-2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздарга да АПВга каршы эмдөө жасалат.
Вакцина алты ай аралык менен эки жолу жүргүзүлөт.