Мирлан Самыйкожо төрага Шакиевге сын айтты

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Мирлан Самыйкожо төрага Нурланбек Шакиевге карата сын айтты.

Анда ал кесиптеши Өмүрбек Бакировдун кабинетинен чыгарылышы боюнча маселени төрага өзү эле бүтүрүп койсо болмок экендигин белгиледи.

"Урматтуу төрага, сиздин бир мүчөңүз кабинетинен мыйзамсыз чыгарылганы боюнча маселени ушунча депутатты дүрбөлөңгө салбай, өзүңүз чечишиңиз керек болчу. Муну мынчалык чоң жыйынга айлантпашыбыз керек болчу", - деди Самыйкожо.

Эске салсак, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Андан кийин парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго ал отурган 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын коридорго чыгарып салышкан.

Бул тууралуу кечээ Жогорку Кеңеште талкуу болуп, депутаттар аталган маселе боюнча тийиштүү кызмат адамдары келип жооп берүүсүн талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан