Ташиев: "Эки депутат өтө оор кылмышка шектелүүдө"

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айрым депутаттар оор кылмыштарга шектелип жатканын айтты.

"Эки депутатка карата иш бар. Муну дагы алдын ала айтып коёюн, кийин дагы айтып чыкпагыла. Кээ бирлери өтө оор кылмыштарга байланыштуу иштер дайындалып, экспертизалар чыгып жатат. Жакында Башкы прокуратура иш козгой турган болсо, ага дагы айтып чыкпагыла.

Араңызда отургандардын өтө оор кылмыштарга шектелип жаткандар бар. Ал боюнча биз текшерип чыгышыбыз керек, бизге керектүү адамдар арыздарды берди. Түшкөн арызды кароо биздин милдетибиз", - деди Ташиев.

Ошондой эле ал иликтөө маалында кылмыштар аныкталбай турган болсо, сот аркылуу чечимдер кабыл алынарын кошумчалады. Атайын кызматтын башчысы алар кайсы депутаттар экендигин ачыктаган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Antiradikal11
2022-11-24 19:57:00
Бироого ор казсан тайыз каз, озун тушосун деген кеп бар. Ташиев озуно озу кор казып жатат.
+1
Antiradikal11
2022-11-24 19:58:00
Комчижон доопарас ойлоду окшойт, кимди кааласам камайм деп. Камалса эле адам "сынып" калбайт. Бугун куугунтукта жургондордун абалы эртен 2 доопарастын башына келет.
+3
Antiradikal11
2022-11-24 19:59:00
Лолудон баатыр чыкса оз элин чабат демекчи, Комчижон лолунун тукуму........
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан