25-ноябрга карата аба ырайы

Эртең, 25-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында жазылат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3 … +8, күндүз +8… +13;

Талас жергесинде түнкүсүн +2 … +7, күндүз +6 … +11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +3 … +8, күндүз +12 … +17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0 … +5, күндүз +6 … +11;

Нарын облусунда түнкүсүн -4 … -9, күндүз +3 … +8;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5 … +7 , күндүз +10 … +12 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан