Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кайым айтышты.
Масалиев республикалык бюджеттин отчётунда 2020-жылга гана маалымат камтылганына нааразы болду.
"Азыр министрлер кабинетинин башчысынын отчёту келди. Силерде 2020-жылга карата көрсөткүчтөр бар, бирок салыштыруу үчүн 2021-жылга карата көрсөткүчтөр керек. Өткөн жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчёт беришиңиз керек", - деди депутат.
Ал эми Акылбек Жапаров дайыма ушинтип жазышат деп жооп берди.
"Мага жакпайт, себеби жакпайт" деп айта берген да болбойт. Биз өмүр бою ушинтип жазып келе жатабыз. Биз ыкманы бөлөкчө кылып, сиздерге берген жокпуз", - деди Жапаров.
Масалиев мыйзамда жазылган, аны аткарыш керек деп жооп берди.
"Бюджеттин аткарылышы деп жатат болгону ошол эле. Эгерде сизге катуу тийсе, таарынбаңыз. Ушундай жазуу боюнча сиз адиссиз аны билем. Бирок "жагат, жакпайт" деген сөздү таштаңыз. Жага тургандай сиз кыз бала эмессиз", - деди эл өкүлү.
Акылбек Жапаров "бизге көп комментарий бербегиле" деп суранды.
Эскерте кетсек, учурда Жогорку Кеңште министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон мүчөлөр бюджеттин аткарылышы боюнча депутаттарга отчёт берип жатат.