Журналистке кол салуу: Шектүүлөрдүн бири кармалды

Бишкекте SuperTV’нын кабарчысы Бактурсун Жоробековду ур-токмокко алып, тоноп кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин, 27-октябрь күнү журналист белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.

Анда 26-октябрда саат 23:00 чамасында борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде белгисиз адамдар ага физикалык күч колдонуп, 10 миң сомдук Samsung Galaxy J2 уюлдук телефонун жана 3 миң 500 сом өлчөмүндөгү накталай акчасы бар капчыгын тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкенин айткан.

Аталган факты Ленин РИИБинде катталып, 206-берене (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Милициядан билдиришкендей, кылмышка шектелип, 2000-жылы туулган жаран кармалып, Ленин РИИБинин Тергөө кызматына жеткирилди. Андан соң Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан экинчи шектүүнүн дарегин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө жана издөө иш-чаралары улантылууда.

Эскерте кетсек, 26-октябрда журналист Жоробеков белгисиз адамдар тарабынан сабалганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан