Кечээ, 26-октябрда саат 23:30 чамасында Бишкектин Ленин районунда SuperTV’нын кабарчысы Бактурсун Жоробеков 4 белгисиз жаран тарабынан сабалды. Маалыматты аталган редакция жарыялады.
Журналисттин айтымында, окуя ал дарыканага чыкканда болгон. Анда белгисиз жарандар жанына келип, бети-башына уруп-согуп, тепкилеген.
Учурда журналист Ленин РИИБине арыз менен кайрылган.