9-декабрь коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата БШК бир катар иш-чараларды өткөрөт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 1-декабрдан 5-декабрга чейин коррупциянын алдын алуу багытындагы иш-чаралар республиканын бардык облустарында уюштурулат. Ага каалоочулар катыша ала турганы кошумчаланды.
"Эгерде суроолоруңуз болсо, 1255, +312 620171 телефон номерлери же bilim@shailoo.gov.kg, adskyrgyzstan@gmail.com электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыз болот", - деп айтылат БШКнын маалыматында.