Кийинки жылы өлкөдө 23 жаңы оорукана куруу пландалууда

Кыргызстанда 2023-жылы 23 заманбап оорукананын курулушу пландалып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында айтылат.

Мындан сырткары жыл аягына чейин 97 "Тез жардам" унаасы сатып алынып, анын 33ү Баткен облусуна жөнөтүлөрү пландалууда.

Маалым болгондой, Баткен облусунун Лейлек районунда Катар кайрымдуулук фондунун эсебинен 230 орундуу оорукана куруу пландалууда.

"Ошондой эле Баткен шаарында жана Лейлек районунда "Кызыл жарым ай" коомунун жардамы менен заманбап өлүккана курулат", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан