Садыр Жапаров курултай делегаттарын коррупция менен бирге күрөшүүгө чакырды

Өлкө башчы Садыр Жапаров Элдик курултайга келген делегаттардан коррупционерлерге болушпай, жектөөгө чакырды.

"Биз мамлекет башына келгенден тартып коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзгөнүбүзгө карабай, бул илдеттен арыла албай жатканыбызды ачык айталы. Эки баштуу ажыдаарга айланган коррупциянын бир башын кессек, экинчи башы өсүп токтобой келе жатат. Бирок кол куушуруп шалдайып отуруп калган жерибиз жок, коррупция менен айыгышкан күрөш жүрүп жатат. Элдик курултайда талкуулана турган башкы маселенин бири катары карап, коррупциянын кесепети жана алдын алууга жапа тырмак киришсек. Эгер элибиз коррупционерлерди “тууганым эле, жердешим эле” деп коргоп чыга берсе, бул илдеттен эч убакта кутула албайбыз. Элибиз коррупционерлерди, мамлекеттик, демек элдик мүлккө суук колун салгандарды жалпы жектесек, аларга болушпасак. “Коррупционерсиңби, мыйзам алдында жазаңды тарт!” десек, ошондо гана биз биргеликте коррупцияны жеңет элек. Бүгүн ушул багытта сиздердин ой-сунуштарыңыздарды уккум келет”, - деди мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, президенттин "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыгына ылайык, ушул жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына биринчи Элдик курултайды өткөрүү белгиленген. Курултайдын максаты - мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан