Садыр Жапаровдун эмгегинин артында Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетише алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда биринчи Элдик курултайда сүйлөп жатып министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал белгилегендей, мамлекет башчысы бюджеттен уурдоо мүмкүнчүлүктөрүн жок кылган.
“Президент эч кимге кирешелерди уурдоого жол бербейт. “Бизде болсо элде да болот” деген түшүнүктү өзгөртүп, ал ар бир чиновникке тескерисинче “биринчиден элде болсун, андан кийин бизде болот” деген түшүнүктү сиңирүүгө аракеттенүүдө. Эки күн бою ишибиздеги кемчиликтерди айтасыздар. Биз бул убакыт бою сиздер менен бирге болуп, кеткен кемчиликтерди угууга даярбыз. Президент койгон максаттарга жетүү үчүн ар бир жарандын колдоосу керек. Ошондуктан биринчи кезекте элди ынтымакка чакырууну өтүнөм”, - деди Жапаров.
Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, мамлекеттин бүтүндүгүнүн негизи элдин ынтымагы, анын гүлдөп өнүгүүсү бийликтин саясатын колдоодон көз каранды болот.
Эске сала кетсек, учурда Бишкек шаарында биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү катышууда. Мындан сырткары республиканын аймагынан 1072 делегат чакырылган.