Шакиев Курултайдын статусу жөнүндө мыйзам долбоору парламентте жакын арада караларын билдирди

Жогорку Кеңеш жакын арада Элдик курултайдын статусу жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорун карайт. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев бүгүн, 25-ноябрда биринчи Элдик курултайда билдирди.

"Курултайдын статусу жөнүндө ар кандай пикирлер бар, талкуу болот. Бирок биз келечекте да иштей турган мыйзам кабыл алабыз деп ойлойм", - деди Шакиев.

Эске салсак, Элдик курултай тууралуу мыйзам долбоору жазында тармактык комитетте колдоо тапкан эмес. Андан кийин президенттин "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына биринчи Элдик курултайды өткөрүү белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан