Москвада муунтулуп өлтүрүлгөн Кыргыз жараны: Окуянын чоо-жайы белгилүү болду

Сот Орусияда такси айдап иштеген Кыргыз жаранын өлтүрүүгө шектүүнү 2023-жылдын 21-январына чейин камакка алды. Мындай маалымат Москва шаардык прокуратурасынын расмий сайтына жарыяланды.

Белгилүү болгондой, 21-ноябрга караган түнү 33 жаштагы жаран Москвадагы Елнинская көчөсүндөгү үйдүн короосунда токтоп турган таксинин арткы орундугунда отуруп, 50 жаштагы айдоочуга кол салган. Аны сабап, анан колун байлаган.

Андан кийин шектүү коопсуздук курун моюнуна ороп, муунтуп өлтүргөн. Ал киши колдуу болгон адамдын 5 миң рублун жана банк картасын алып, окуя болгон жерден качып кеткен.

"Азыр кармалган жарандын шаардагы башка кылмыштарга да катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Москва шаары боюнча тергөө комитетинин сайтына таксист болуп иштеген Кыргыз жаранынын муунтуп өлтүрүлгөнү боюнча маалымат жарыяланган. Анда орусиялык ЖМКлар маркум Кыргызстандын жараны экенин жазышкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан