Улукбек Марипов ишин айкалыштыруу менен дагы эки өлкөгө элчи болду

Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов ишин айкалыштыруу менен Бахрейн жана Египет өлкөлөрүнө дагы элчи болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

"Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Марипов Улукбек Асамидинович Эр-Рияд шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Бахрейн королдугундагы жана Египет Араб Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан