Ушул жылдын 28-ноябрынан 2-декабрына чейин “Орусия-Кыргызстан: тил, предмет, билим” долбоорунун алкагында Нарын жана Талас облустарынын мугалимдери үчүн квалификация жогорулатуу курстары өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, катышуучулар окутуунун жүрүшүндө функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу жана баалоо, анын ичинде окуу, математикалык, табигый илимдер, мектептерде STEM билим берүүнү өнүктүрүү боюнча Орусиянын тажрыйбасын өздөштүрө алышат.
Окутуулар А.И.Герцен атындагы Орусия мамлекеттик педагогикалык университетинин адистери тарабынан өткөрүлөт.