Алмаз Имангазиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Алмаз Имангазиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону айтылат.

"Жаңы орун басар "Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Имангазиев буга чейин Тышкы иштер министрлигинин астындагы Консулдук кызмат департаментинин директору болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан