Курултай делегаты президентке: "Элдин сизге болгон сүйүүсү солгундады"

Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда Алай районунан келген делегат Алмаз Жоробаев президентке кайрылып, кол алдындагы кызматкерлеринин жасап жаткан иштерине көңүл бурууга чакырды.

"Эл арасында биринчи, экинчи деген түшүнүк пайда болду. Биринчи сиз, экинчи Ташиев. Ишенбесеңиз элден сурап көрүңүз. Эл арасында "биринчинин адамдары мындай кылат, экинчинин адамдары тигиндей кылат" деген сөздөр айтылып жүрөт. Элге кызмат кылам десеңиз ушул нерсеге көңүл буруп коюңуз. Сизди эл аябай сүйөт эле, анын ичинде мен дагы. Бирок азыр сизге болгон сүйүүм мурункуга караганда кайтты, элдики дагы кайтты", - деди делегат Жоробаев.

Ошондой эле ал президентке буга чейин Исхак Раззаковду кумир тутам деп айтканын эске салып, анын өмүр жолун эстеп турууну сунуштады.

Белгилей кетсек, 25-26-ноябрь күндөрү Бишкектеги улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүүдө. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 1 072 делегат келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан