Бүгүн, 26-ноябрдагы Элдик курултайда өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргыз элинин элинин биримдиги тууралуу сөз кылды.
"Баткен окуясынан кийин мен чет өлкөгө саммитке бардым. Ал жактан атын атабай эле коёюн, бир коллегам колумду кармап туруп, "Сеникиндей элдин жөн эле келип жерин басып алам деген - бул акылсыздык. Мындай ыкчам уюшулган, ушундай ынтымактуу элди эч ким басып ала албайт" деди. Мен да чын жүрөктөн кубандым. Бул баарыбыздын ынтымагыбыз", - деди мамлекет башчысы.