Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев түндө Казакстанга чыгып бара жатканда чек арадагы өткөрмө постунан кармалып, кайра коё берилгени кабарланды.
Бул тууралуу эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева түнкү саат 1:22де Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына бара жатышкан. "Ак-Жол-автожол" чек ара бекетинен эл өкүлдөрүн өткөрбөй коюшкан. Анткени Эмил Жамгырчиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салыныптыр. Эмил Жамгырчиевди УКМК кызматкерлери кармап кетишти", - деп жазган Сурабалдиева.
Көп өтпөй эле эл өкүлү бошотулганы кабарланды.
Эмил Жамгырчиев "Альянс" фракциясынын мүчөсү.
Депутатка эмне үчүн Кыргызстандан чыгуу тыюу салынганы кабарлана элек.