УКМК депутат Чыңгыз Айдарбеков кармалганын четке какты

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков чек арадан кармалган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

УКМКнын маалыматына караганда, Чыңгыз Айдарбеков суракка дагы алынган эмес. Депутат чек арадан Казакстанга өткөн.

Чыңгыз Айдарбеков менен дагы бир депутат Эмил Жамгырчиев 26-ноябрда Казакстанга тажыяга бара жатканда кармалганы маалымдалган. Кийин Эмил Жамгырчиев бошотулган. Ал эми Эльвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасына Чыңгыз Айдарбеков дайынсыз болуп жатканын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан