Тажикстандан качып кирген этникалык кыргыздар кайра кайтарылып жатканы айтылды

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев чет өлкөлөрдөн көчүп келген этникалык кыргыздардын ассоциацияларынын, бирикмелеринин жана кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү да катышкан жолугушууда этникалык кыргыздарга тиешелүү көйгөйлөр көтөрүлүп, аны чечүү жолдору талкууланды.

"Асылбек Атабаев Тажикстандагы ар кандай кысымдардан улам Кыргызстанга качып кирген адамдардын иши сотто каралып, аны кайра кайтаруу чечими чыгып жатканын белгиледи. Андыктан мындай учурларда качып кирген жарандын этникалык кыргыз экенин жана Тажикстандагы абалды эске алып, Кыргызстанда калуусуна жана документ алуусуна жеңилдиктер берилиши керектигин кошумчалады.

Ушундай эле көйгөйлөргө токтолгон “Мургаб ынтымагы” кайрымдуулук фондунун мүчөсү Тотуя Кенжебаева тажик тилинен кыргыз тилине документтерди которууда тыбыштык айырмачылыктардан улам документ алууда көйгөйлөр болуп жатканын маалымдады. Бул көрүнүш жарандыкка кабыл алуу тууралуу президенттин жарлыгынан кийин да көйгөй жаратат", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары “Кайрылман” макамын алууда белгиленген мөөнөт сакталбай, 7 айга чейин узарып кеткен учурлар бар экени айтылды. Муну менен катар жолугушууда этникалык кыргыздарга жер бөлүп берүү, социалдык жактан колдоо көрсөтүү маселеси да көтөрүлдү. Берилген айрым суроолорго Жогорку Кеңештин аппаратынын өкүлдөрү жооп беришти.

Нурланбек Азыгалиев айтылган бардык маселенин чечилишин өз көзөмөлүнө аларын билдирип, көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча министрлер кабинети менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн кошумчалады.

Бардыгын мыйзам талаптарына ылайык карап, керек болсо тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүбүз кажет. Биз биргелешип, маселелерди ыкчам чечүү аркылуу гана алдыга жыла алабыз. Кыргызстанга көчүп келген ар бир этникалык кыргыз жеңилдетилген түрдө документ алып, керектүү кепилдиктерге ээ болушу зарыл”, - деди Азыгалиев.

Белгилей кетсек, төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев бул жааттагы маселелер боюнча кеңири маалымат алып, жакындан көмөк көрсөтүү үчүн өзүнө “Мургаб ынтымагы” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Асылбек Атабаевди коомдук жардамчы кылып дайындаган. Ага ылайык, Атабаев аркылуу көптөгөн кайрылууларды кабыл алып, аларды чечүү боюнча алгылыктуу аракеттерди көрүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан