Бишкекте SuperTV’нын кабарчысы Бактурсун Жоробековду ур-токмокко алып, тоноп кеткен экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 27-октябрь күнү журналист белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.
Анда 26-октябрда саат 23:00 чамасында борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде белгисиз адамдар ага физикалык күч колдонуп, 10 миң сомдук Samsung Galaxy J2 уюлдук телефонун жана 3 миң 500 сом өлчөмүндөгү накталай акчасы бар капчыгын тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкенин айткан.
Аталган факты Ленин РИИБинде катталып, 206-берене (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 22 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ленин райондук сотунун чечимине ылайык, шектүү 18-декабрга чейин СИЗО-1ге камалды.
Белгилей өтсөк, буга чейин журналисти ур-токмокко алууга шектелип бир жаран кармалган.
Маалымат үчүн: 26-октябрда журналист Жоробеков белгисиз адамдар тарабынан сабалганы маалым болгон.