Акылбек Жапаров араб делегациясы менен ар тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 28-ноябрда Сауд Арабия Падышалыгынын инвестиция министринин орун басары Бадр Аль-Бадр жетектеген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, өткөн жолугушууда тараптар мындан аркы көп багыттуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулады.

Жапаров Сауд Арабиянын ири компанияларын соода, инвестиция, айыл чарба, энергетика, илим жана билим берүү, туризм жана маданият, ошондой эле адал индустрия тармагындагы долбоорлорду тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда бизнес-өнөктөштүктү түзүү зарылдыгын белгилеп, саудиялык компаниялардын тажрыйбасын жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаалды эске алуу менен Кыргызстандагы долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.

Өз кезегинде Бадр Аль-Бадр делегация мүчөлөрүн - айыл чарба, фармацевтика, энергетика, туризм жана башка тармактардагы алдыңкы компаниялардын жетекчилерин тааныштырды. Ал да өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө толук кызыкдар экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан