Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы “Д” категориясындагы айдоочуларды кабыл алат. Бул тууралуу мэриядан маалымат таратышты.
Ага ылайык, айдоочулар 120 жаңы автобус алып келинерине байланыштуу ишке кабыл алынууда.
"Талапкерлер документтердин стандарттык топтомунан тышкары, автотранспортту газ кыймылдаткычы менен башкарууга уруксат берген күбөлүктү көрсөтүшү керек болот.
Автобустар 10,5 метрлик жана кондиционер менен жабдылган. Автобуста бардыгы болуп 75 орун бар, алардын 26сы отургандар жана 1 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн. Ошондой эле автобус автоматтык берүү жана бүктөлүүчү шаты менен жабдылган", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 53-17-89, 53-18-14, 0705 86 84 64.