Ош шаарынын жаңы мэри Бакытбек Жетигеновдун өмүр баяны

Бүгүн, 29-ноябрда Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Ушул эле күнү жаңы мэр эмгек жамаатка тааныштырылып, расмий түрдө кызматка киришти.

Бакытбек Жетигенов 1966-жылы 30-майда Чүй облусунун Чүй районундагы Сайлык айылында төрөлгөн.

1984-1986-жылдары армияда кызмат өтөгөн.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда "машыктуруучу-мугалим" адистиги боюнча билим алган. Мындан сырткары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык институтун "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1988 — МПМКда бетон даярдоочу;

1988 — "Ирригатор" бакча коомчулугунда кароолчу;

1989 — №2 тазалоо-пресстөөчү цехке 2-разряддагы транспортировщик болуп дайындалган;

1992-2010 — жеке ишкерлик менен алектенген;

2010 — Жогорку Кеңештин V чакырылышында "Ар-Намыс" саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен депутат болуп келген.

Ошол эле учурда Жетигенов "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен кармалган. Ал эми былтыр, 26-ноябрда бийликти басып алууга белсенген деген шек менен кармалып, тергөө абагында бир ай отуруп чыккан.

Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу, бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелген. Бирок алтынчы чакырылыштын депутаттары Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген эмес.

Бакытбек Жетигенов 2011-жылы казинону жабуу боюнча мыйзам долбоорунун демилгечиси болуп, 2012-жылдын 1-январында ал күчүнө кирген.

Ошондой эле парламенттин бешинчи чакырылышында "Кумтөр" боюнча комиссиянын мүчөсү болгон.

Ал 2021-жылдагы парламенттик шайлоого бир мандаттуу №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер катары катышып, бирок жетиштүү добуш ала алган эмес.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси наамы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
miki87
2022-11-30 01:43:00
Ушулбу силердин кадр саясатынар? Эч жерде иштеген эмес эле адамды койуп койушкан. Ал жерге хозяйственый тармакта иштеген адамды койуш керек эле. Бул Садыр аванын групалашы окшойт физкультирник. Булардын доору экенда
+2
Asmat84
2022-11-30 02:13:00
Эмне үчүн Ошту билген адамдарды койбойсуңар, келип келип бир зекти кароолчуну койдуңарбы, Ош экинчи борбор шаар го Чоң шаарга илимдүү билимдүү жетекчилерди койбойт белең Ошту өз кезегинде ондоп түздөп койгон Мелис Мырзакматов, Таалайбек Сарпашев эмнеге койбодуңар Өтө туура эмес кадрды алып келипсиңер
+2
Alixan-Nookat.2015
2022-11-30 14:42:00
Кебетесинен көрүнүп турат кол п.к келбей турганы азыркы бийлик кадр тандоодо өтө чоң ката кетирип жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан