Омурткасы кыйшык өскөн 9 жаштагы Ырысбек Сабыров операция жасатуу үчүн жардамга муктаж

SUPER.KG порталына Ысык-Көл облусунун Талды-Суу айылынын тургуну, 9 жаштагы Ырысбек Сабыровдун апасы Жанаркүл Жамбаева уулунун дарылануусуна каражат жетпей жатканын айтып, кайрымдуу элден жардам сурады.

"Балам тубаса жүрөк оорусу менен төрөлгөн. 1 жаш 4 айында жүрөгүнөн операция болгон. Операцияга чейин баламдын жүрөк оорусунан башка ден соолугунда көйгөй деле жок болчу. Бирок 1 жылдан соң сколиоз (омуртка сөөгүнүн кыйшайып калышы) оорусуна чалдыгып калды. Уулумдун кыр арка сөөгү кыйшайып, төшү бери көздөй чыгып бара жатат. Кыр арка сөөгү кыйшайган сайын баламдын оң буту да кыскарып бара жатат. Жайында профессорлорго көрүнсөк операция жасатуу керек дешкен, 4 этап менен болот экен. Жакында дагы профессорлор келишкен. Алар "бала 10 жаштан тарта тез өсөт. Мындан улам өзгөрүү да чоң болот, тезирээк алып келгиле" дешкен. Балам үчүн ушу жылга чейин чуркаганым чуркаган. Үмүтүм ушул баламда", - деди ал.

Апасынын айтымында, Ырысбектин операциясы үчүн 27 000 доллар керектелет.

"Учурда өзүбүз да аракет кылып, туугандарыбыз да жардам көрсөтүп жатат. Өкмөттөн да квота сурап жатабыз. Мүмкүн болушунча тез арада кыргыз элинен жардам күтөбүз", - дейт Жанаркүл Жамбаева.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

ЭЛСОМ: 996 500 21 05 13 Жамбаева Жанаркүл
ОПТИМА: 996 500 21 05 13 Жамбаева Жанаркүл
СБЕРБАНК: 4817760309022337 Марат Кубат уулу
МБАНК: 996500210513


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан