
Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
"1-декабрдан 2-декабрга чейин жаап жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-231-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот", - деп билдиришти мекемеден.