Эки депутат суракка чакырылганы боюнча Садыр Жапаровго кайрылды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 1-декабрдагы жыйынында эл өкүлдөрү Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурага берген сурактарынын чоо-жайын айтып, маселеге көңүл буруп коюуну президент Садыр Жапаровдон суранышты.

Атазов суракка чакырылганына арданбай турганын, бирок Баш мыйзам бузулуп жатканын белгиледи.

"Элден түшкөн арыздарды Башкы прокуратура карап койсун деген ойду айтып жатабыз. Бизди келип үч прокурор суракка чакырып кетип жатат. Биз суракка чакырганга арданбайбыз. Болгону Баш мыйзам бузулуп жатат. Биз мамлекеттүүлүк, коопсуздук, келечек үчүн президенттин саясатын колдогон депутаттарбыз", - деди Атазов.

Ошондой эле ал түнү менен прокуратуранын ишине дагы арыздар түшкөнүн айтты. Аны менен катар ал көтөргөн маселелер боюнча прокуратура кызматкерлери эки күндө жыйынтык чыгарууну убада кылганын кошумчалады.
Ал эми Жеңишбек Токторбаев парламентте элдин арыз-муңун гана жеткиргенин айтты.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, силер камакта жатканда биз суугуңарга тоңуп, ысыгыңарга күйүп чуркап жүргөнбүз. Азыр тегерегиңерде жүргөн "пахтакорлор" силерди соттогон, ал эле эмес андан башка нерселерди дагы алган. Биз кылмышкербизби? Мен 11 миң добуш менен келгем, артымда элим бар. Менде ондогон каттар турат. Биз болгону элдин муңун айттык. Эгерде элдин маселесин айтпай, "балык депутат" болуп отурсак анда кандай болот? Туура эмес болуп калат да. Биз эмне башкы прокурорго асылдыкпы? Төрага, ушул маселени сөзсүз карап коюңуз. Элдин арызын да айтпай "балык депутат" болуп отурсак кандай болот", - деди Токторбаев.
Эскерте кетсек, кечээ, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов Башкы прокуратурага суракка чакыртылган. Бул алардын парламенттин жыйынында аталган тармакта коррупция күчөгөнүн айткандан кийин болгонун депутаттар өздөрү айтып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан