Өлкөдө окуучулардын кышкы каникулу 30-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында айтылат.
Маалым болгондой, кышкы каникул 30-декабрда башталып, 2023-жылдын 10-январына чейин созулат.
Белгилеп өтсөк, быйыл окуу жылы 1-сентябрда башталган, буга байланыштуу 25-майда аяктайт.
Республика боюнча жалпы 2333 мектеп бар. Анда 1 миллион 400 миңден ашык окуучу билим алып келет.