
"Бишкек жашыл чарба" ишканасы декабрь айына жумушчуларды ишке чакырат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдирди.
Ага ылайык, жумушка 18 жаштан жогору эркек кишилер кабыл алынат. Айлык акысы күнүнө 1 000 сомдон төлөнөрү айтылат.
Жумуш дүйшөмбү-жума күндөрү саат 8:00дөн 16:00гө чейин, ал эми ишемби күнү 8:00дөн 13:00гө чейин уланат.
Кененирээк маалымат алуу үчүн 0500 700-441, 37-53-30 номерлерине байланышса болот.