Экибастуз ЖЭБинин жетекчисинин өлүмүнүн болжолдуу себеби айтылды

Полиция Экибастуз шаарындагы гараждардын бириндеги унаанын ичинен сөөгү табылган Экибастуз ЖЭБинин бөлүм башчысынын өлүмүнүн мүмкүн болгон жагдайларын атады. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, бул факт Экибастуз ШИИБдин сотко чейинки тергөөнүн бирдиктүү реестрине катталган.

"Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча унаа токтотуучу гаражда маркум менен жубайынын ортосунда пикир келишпестик болгон. Учурда бир катар экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы боюнча чечим чыгарылат", - деп айтылат полициянын маалыматында.

Бүгүн, 6-декабрь күнү Казакстандын Экибастуз шаарындагы гараждардын биринде жергиликтүү жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) участкасынын башчысынын жансыз денеси табылган.

Ноябрь айынын аягында -31 градус суукта Экибастуз шаарындагы ЖЭБде бир нече от казандары иштен чыгып, шаар тургундары жылуулуксуз калышкан. Учурда жылуулук толук калыбына келе элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан