Кечээ, 6-декабрда Түркиянын парламентинде депутаттар мушташа кетип, алардин бири ооруканага түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, мушташ бюджеттик талкуулар учурунда чыккан.
"Адегенде талкуулар тынч башталган болчу. Бир нече убакыттан кийин түшүнүксүз себептерден улам чыңалуу жаралды. Ал ортодо "Aдилет жана өнүгүү" партиясынын депутаты Зафер Ышык башка партиядагы депутат Хүсейн Өрстү муштаган. Зафер Ышыктын колунда шакеги болгондуктан анын муштумунан Хүсейн Өрс жаракат алган. Анын жүрөк оорусу да болгондуктан ооруканага жеткирилген. Ал дарыгерлердин кароосунда болуп, абалы жакшы экени айтылууда", - деп айтылат маалыматта.