"Бишкекжашылчарба" ишканасы кооздолгон техникалар менен парад өткөрдү (фото)

Бишкек мэриясынын алдындагы "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы атайын кооздолгон техникалар менен парад өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

"Борбор калаанын багбандары жаңы жылдык майрамга карата "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын атайын техникасынын парады менен шаардыктардын көңүлүн көтөрүүнү чечти.

Жашылдандыруучулар күн сайын шаардын кызматындагы 3 атайын техниканы кооздошту.

Селди жана ирригацияларды тазалоочу атайын техникасы, МТЗ Беларусь 2112 трактору жана "ГАЗ" 51 автомунарасы параддын негизги каармандары болушту", - деп билдиришти мэриядан.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы бишкектиктер үчүн жаңы жылдык маанайды тартуулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан