Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтей турган депутаттык комиссиянын курамы өзгөрдү (Тизме)

Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн иликтей турган депутаттык комиссиянын курамы өзгөрдү. Мындай чечим бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Депутаттык комиссиянын төрагасынын орун басары Арсланбек Малиев комиссия ушул күнгө чейин жыйынга чогулбай жатканын айтып, кворум болушу үчүн курамын кыскартууну, ар бир фракциядан бирден гана депутат калтырууну сунуштады. Жыйынтыгында демилге колдоо тапты.

Комиссиянын курамында калган депутаттар:

"Ынтымак" фракциясынан Балбак Түлөбаев;

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан Надира Нарматова;

"Альянс" фракциясынан Нилуфар Алимжанова;

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан Исхак Масалиев;

"Элдик" депутаттык тобунан Арсланбек Малиев;

"Мекенчил" депутаттык тобунан Карим Ханджеза.

Ал эми "Ыйман нуру" жана "Ишеним" фракциялары комиссиянын курамында азырынча кайсы депутаты каларын ачыктаган жок.

Ошону менен комиссиянын курамында жалпы 8 депутат кала турган болду. Мындан сырткары Улуттук банкта сакталган алтынды барып көрөрдө каалоочу депутаттардын баары чогуу барып көрсө болору кошумчаланды.

Эске салсак, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анда комиссиянын курамына 12 депутат кирген болчу.

Ал эми 27-октябрда депутаттык комиссияны Исхак Масалиев жетектемей болгон. Анын орун басары болуп - Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу жана Нилуфар Алимжанова бекитилген. Анда комиссияда 20 мүчө бар экени айтылган.

30-ноябрда Исхак Масалиев "Кумтөр" компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын төрагалыгынан ден соолугуна байланыштуу баш тартканы маалым болгон.

Убактылуу депутаттык комиссия “Кумтөр” ишканасынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан