Токторбаев: "Байкуш мугалимдер 5 миң сом, элди талап-тоногон соттор 100 миң сом пенсия алат"

Бүгүн, 8-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жеңишбек Токторбаев мугалимдер менен соттордун алган пенсиясында канча айырма болоруна кызыкты.

Эл өкүлү Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиевден "25 жыл иштеп пенсияга чыккан мугалим жана сот канча пенсия алат?" деп суроо салды.

Алиев ага алган айлык маянасына жараша болорун, азыр айта албастыгын жана кийинчерээк эсептеп кат түрүндө маалымат жөнөтөрүн билдирди.

"Жооп бере албаганыңыздын себебин билем. Бул жерде абдан чоң айырма бар. 25 жыл мугалим болуп иштеген байкуш 5 миң сом пенсия алат. Өмүр бою элди тоноп, талап жеген сот 100 миң сом пенсия алат", - деди Токторбаев.

Ошондой эле ал 15-20 жыл сот болуп иштегендердин пенсиясына 1,5 эсе, 20-25 жыл иштегендерге 2 эсе, ал эми 25 жылдан ашык иштеген соттордукуна 2,5 эсе үстөк акча кошуларын айтты.

"Соттор 2010-жылдан тарта "Соттордун сатусу жөнүндө" мыйзамдын негизинде пенсия ала баштаган. Ага ылайык, 40 миң сом алып 15 жыл сот болуп иштеген пенсионер 1,5 эсе кошулганда 60 миң сом пенсия алат, эгер 25 жыл иштеген болсо 100 миң сом алат. Бул адилетсиздик", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asmat84
2022-12-08 14:07:00
25 жыл иштеген кайсы мугалим 5 000 сом алып атат. Азыр мугалимдердин айлык маянасы 15000 ден өйдө алышат. Билип билбей эле сүйлөй берет экен ушул шакый
0
Kulundu
2022-12-08 14:34:00
Asmat84 окуп тушунбогон сен угуп тушунот белен
0
Искендер
2022-12-08 14:29:00
Биринчи сындагандан мурун жакшы окусанар, пенсия жонундо болуп жатат соз.
0
Patriotka
2022-12-08 14:56:00
Туура,апам омур бою 2 смена окутуп башталгыч класс,эшектей иштеп нервин кетирип алган пенсиясы 7000,кошунам иштебей уйундо жыргап отуруп алган пенсиясы 7000.Неге андай?Ким жооп берет буга?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан