Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 9- декабрь жемкорлукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата коррупцияга каршы аракеттенүү жана аны алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү.
Ага министрликтин борбордук аппаратта эмгектенген мамлекеттик кызматкерлер катышып, 2022-2024-жылдардын мамлекеттик стратегиясынын планындагы иш-аракеттердин негизги эки максатын жүзөгө ашыруу маселесин талкуулашты.
Жыйында жемкорлукка каршы турууга багытталып жасалган презентация сунушталып, күндүн темасы катары Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ишиндеги коррупциялык иштерди алдын алуу, жалпы ишмердүүлүккө сервистик жана аутсорсинг киргизүү, лицензиялоо процессинде жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүгө байланышкан башка жол-жоболор, юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүнү автоматташтырууну камсыздандыруу, моралдык-этикалык нормалары күмөндүү жана ачык коррупцияга кызыкдар адамдарды ишке албоо жана персоналды башкаруунун кепилденген системасы, ошондой эле жемкорлукка болгон мотивацияны төмөндөтүү боюнча системаларды жана программаларды ишке ашыруу сындуу тармактар талкуу болду.
Жыйындын жүрүшүндө министрликте жемкорлукту алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, суроо-жооп менен коштолду.
Эске салсак, Жемкорлукка каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнү 2003-жылдын 10-декабрында кол коюлуп, Бириккен Улуттар Уюмунун коррупцияга каршы Конвенциясы ратификацияланган.