"Көпчүлүк аймакта кар жаайт". 9-декабрга карата аба ырайы

Бүгүн, 9-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…-8;

Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…+1;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;

Нарын облустарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -5…-10;

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -5…-7 градус болот.

Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан