Өлкөдө чочко тумоосунун 34 учуру катталды

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан бери Кыргызстанда чочко тумоосу менен ооруган 34 учур катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Медициналык жардам сурап кайрылган бейтаптар текшерилип, 34 учур чочко тумоосу экени аныкталган. Ал жалпысынан тумоонун “А” түрү экени белгилүү болгон.

Мурда "чочко тумоосу" деп аталган А тумоосу (H1N1) чочко тумоосунун бир нече вирусунун биринен келип чыккан чочколордун курч респиратордук жугуштуу оорусу.

Чочко тумоосунун белгилери сасык тумоого окшош, бирок ич өтүү, ичтин көбүүсү (диарея) сыяктуу белгилери болот. Өтүшүп кетсе пневмонияга айланат.

Дарыгерлер чочко тумоосу абдан жугуштуу экенин жана оор өтө турганын эскертишет.

A/H1N1 вирусу чакырган инфекциянын симптомдору сасык тумоонун башка түрлөрүнөн дээрлик айырмаланбайт.

Төмөндө оорунун негизги белгилери:

- дене табынын жогорулашы;

- мурун бүтүү;

- тамактын кызарышы, тердөө жана тамактын оорусу;

- көкүрөктүн оорусу менен коштолгон кургак жөтөл,

-дене-бойдун оорушу;

- чарчоо, алсыздык;

- тез жүрөк согушу (тахикардия);

- баш оору, көбүнчө фронталдык бөлүгүндө;

- көздүн айланасындагы сөөктөрдүн оорусу жана ысышы, жарыктан качуу, көздүн кызарышы;

- шишик, беттин кубаруусу;

- мурундун канашы;

- уйкучулук, уйкусуздук.

Тобокел тобундагылар:

- кант диабети, бөйрөк, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системаларынын өнөкөт оорусу барлар;

- карылар (65 жаштан жогору);

- узакка созулган психоэмоционалдык стресстен алсырагандар;

- ашыкча салмактагы адамдар;

- кош бойлуу аялдар;

- ымыркайлар;

- АИВ же кортикостероиддерди узак мөөнөттүү колдонуу менен шартталган иммундук жетишсиздиги бар адамдар.

Чочко тумоосунун айырмалоочу өзгөчөлүгү - ич өтүү, ичтин көбүүсү диарея. Татаалдыгы пневмония болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан