Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев Кытайга 15 күнгө визасыз режим ачууну сунуштады.
Эл өкүлү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, Казакстан менен Өзбекстан Кытай жарандарына визасыз режим киргизгендиктен туристтердин келүүсүнө жол ачылганын белгиледи.
"Биз деле четте калбай, 15 күнгө визасыз режим киргизсек болобу? Үрүмчүнүн өзүнө эле жылына 30-40 миллион турист барат экен. Күч органдары жакшы көзөмөл кылса Үрүмчүдөн бери бизге да агылып, бир топ каражат таштап кетет беле", - деди Акаев.
Ага Акылбек Жапаров учурда Кытай тарап менен бизнес визаны киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирди.
"Казакстан жана Өзбекстан Кытайга бизнес визасын, бири 10 күнгө, бири 14 күнгө чейин бизнесмендерге, инвесторлорго визасы жок чек арасын ачып берди. Биз дагы ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Ошондой эле туристтик визанын үстүндө дагы иштеп жатабыз. Мына азыр саат төрттө Кытайдын вице-примьер-министри келди. Биздин сүйлөшүүлөр дагы ушул маселелерди камтыйт. Азыр Кытайда коронавируска байланыштуу катуу талаптар болуп жатат, ал талаптар солгундай түшсө, ушул иш-аракеттер улантылат", - деди Жапаров.