Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинин ректору дүйнөдөн кайтты

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Чотонов Мамашарип Мамытович кечээ, 8-декабрда 54 жаш курагында катуу оорудан улам дүйнөдөн кайтты.
Ал 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган.
2014 -жылдын 15- апрелинен тарта өкмөттүн буйругуна ылайык, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп эмгектенип жаткан.
Мамашарип Чотонов экономика илимдеринин доктору, профессор, маданияттын, билим берүүнүн жана экономиканын отличниги болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Мамашарип Чотоновдун көзү өткөнүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан